WhatsApp мессендеринде жаңы жашыруун функциясы пайда болот

WhatsApp мессендеринде жаңы жашыруун функциясы пайда болот. Ал колдонуучуларга белгилүү бир чаттарды манжа изи менен же пароль менен блоктоп коюуга мүмкүнчүлүк берет.

 

Андан тышкары, бул опция жеке баарлашууларды башка адамдардан жашыра алат. Учурда функция тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат, жакынкы жаңылануудан кийин жеткиликтүү болот.