Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө жана көрктөндүрүү иштери жанданды

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээктерин бекемдөө жана көрктөндүрүү иштери жанданды.

 

Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, 252 миллион сомдук долбоор 2020-жылы ишке кирген, бирок кийин жумуштар токтотулган болчу.

 

Программанын алкагында бийлик дамба куруп, дарыянын жээктерин жашылдандырмак. Андан тышкары, балдар аянтчасын, эс алуу аймагын, көпүрөлөрдү, вело жолчолорду куруп, жарыктандыруу системасын жана тосмолорду орнотуу пландалган.