ыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 7 тонна жүк менен унаа жөнөтүлдү.

 

Анда антисептикалык, дезинфекциялык каражаттар жана медициналык беткаптар бар. Министрлик гуманитардык жүктү “Торугарт” чек ара бекетине чейин жеткирип берет.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Кытай жардам көрсөтүү суранычы менен көптөгөн мамлекеттерге кайрылган. Бул өлкөдө вирусту жуктургандардын саны   70 минден ашты.