Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жарыялады. Өкмөттүн маалыматына ылайык, адамдарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 413 орун даярдаган.

 

“Торугарт” өткөрүү пунктунда 100, “Иркештамда” 100, “Манас” эл аралык аэропортунда 183, Ош шаарындагы аэропортто 30 керебет камдалган.  Ошондой эле, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата вирус жуккандардын арасында кыргызстандыктар жок.