Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп курулууда.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси 275 орунга эсептелип, Дархан айылында пайда болот.

 

Учурда куруучулар анын ички жасалгалоо иштерин аткарып, жылуулук, суу, канализация тармактарын өткөрүүдө. Долбоордун сметалык баасы 850 миң долларды түзөт. Мектеп колдонууга ушул сентябрда берилет.