Бишкектин мектептерине бүгүнкү күндө 109 миң бала барууда

Бишкектин мектептерине бүгүнкү күндө 109 миң бала барууда. Мэриянын маалыматына ылайык, алар башталгыч, 5-9-11-класстын окуучулары. Калган класстар азырынча онлайн форматында окуп жатат.

 

Сабактар бардык санитардык талаптарды аткаруу менен өтүүдө. Мектептердин кире беришине атайын фильтр аппараттар орнотулуп, медайымдар ар бир баланын дене табын өлчөп, окуучунун медициналык картасы толтурулууда.

 

Андан тышкары, класстык бөлмөлөрдү улам желдетип, беткап режими сакталып жатат, — дешти мэриядан.