“Алтын тамга” тестинин жыйынтыгына нааразы бүтүрүүчүлөр аны талаша алат

“Алтын тамга” тестинин жыйынтыгына нааразы бүтүрүүчүлөр аны талаша алат. novosti.kgге Улуттук тестирлөө борборунан билдиришкендей, катышуучу жүйөө келтирип, арыз жазышы керек.

 

Андан кийин аны атайын комиссия кароого алып, акыркы жыйынтык чыгарат. Процедура адатта 1 сааттан ашпайт. Кошумчалап кетсек, билимди тастыктоо боюнча тестирлөө уланууда. Дүйшөмбүдө жыйынтык толугу менен жарыяланат.