Бишкекте Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулат

Бишкекте Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылды. Транспорт департаменти көпүрө курууга 128 миллион 687 миң сом багыттайт.

 

Объект дарыянын Жибек Жолу проспектиндеги тилкесинде жылдын аягына чейин салынат. Белгилеп кетсек, бул жерде көпүрө бар, бирок мэрия аны кеңейтүү керектигин билдирген.