1-декабрдан тарта Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана коронавируска чейинки режимге кайтып келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекеме бейтаптарды өз профилинде кабыл алат.
Ал эми COVID-19 менен кайрылгандар тиешелүү орундуктары бар башка ооруканаларга жөнөтүлөт.
Ведомстводон такташкандай, шаардык бардык стационарлары коронавирус менен жаткырылган бейтаптарга орун даярдап коюшу керек.