Өзбекстанда бир күндө 40ка жакын чиновник кызматтан алынды

Өзбекстанда бир күндө 40ка жакын чиновник кызматтан алынды.

Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алардын арасында район, шаар башчылары, алардын орун басарлары, прокурорлор, ички иштер бөлүмүнүн башчысы, салык кызматынын жетекчилери бар.

Аткаминерлер ээлеген кызматына ылайык келбегендиктен иштен кетишти.