Бишкекте троллейбус айдагандар күн сайын милдеттүү түрдө наркологдун текшерүүсүнөн өтүүдө

Бишкекте троллейбус айдагандар күн сайын милдеттүү түрдө наркологдун текшерүүсүнөн өтүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, алардан тышкары механиктер да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Айдоочулар каттамга чыгуунун алдында дене табы текшерилип, кан басымы өлчөнөт.

Белгилеп кетсек, Бишкек троллейбус башкармалыгында 260 айдоочу бар.