Кыргызстанда депутат болуш үчүн жогорку билим болуш керек деген талапты жокко чыгаруу сунушталды

Кыргызстанда депутат болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген талапты жокко чыгаруу сунушталды.

Бул тууралуу мыйзам долбоорун парламенттин 6 депутаты демилгелеп, коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер Кыргызстандын Конституциясына таянып, жарандар бирдей укуктарга, эркиндиктерге жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилешүүдө.

Эске салсак, былтыр кабыл алынган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, депутаттыкка жогорку билими барлар гана талапкер боло алат