Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар гана жарандар кире алат.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошондой эле өзгөчө
абал режиминде ишканадан уруксат берилген жумушчулардын кыймылы
эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин күбөлөндүрүлгөн маалым
каттын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан
уюштурулган унаа менен жүрүүгө болот. Белгилей кетсек, бүгүнтөн тарта
15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана
Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.