Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине сый акы берүү маселесин атайы түзүлгөн коммисия карайт

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине сый акы берүү маселесин

атайы түзүлгөн коммисия карайт. Ички иштер министрлигинин маалыматында,

анын курамына ведомство бирикмелеринин 12 жетекчиси кирди. Алар ар бир

кызматкердин ишмердүүлүгүн карап чыгып, 10-майда жыйынтыктоочу чечим кабыл алат.

Андан кийин маянасына кошумча каражат алуучу милиция кызматкерлеринин

тизмеси Каржы министрлигине өткөрүлүп берилет.