Ош облусунда жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында,
зилзаланын эпицентри кыргыз-тажик чек арасында катталып,
очогунда күчү 5 баллга жетти. Жер кыртышынын силкинүүсү
Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдаында сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар катталган жок.