Бишкектеги Ататүрк эс алуу багы оңдолот

Бишкектеги Ататүрк эс алуу багы оңдолот. Мэриянын маалыматына ылайык, кайра калыбына келтирүү иштерине Түркия кайтарымсыз негизде 500 миң доллар бөлүп берет.

 

Эс алуу аймагын жаңыртуу боюнча эскиздик долбоор муниципалитет тарабынан иштелип чыгып, учурда түрк тараптын кароосунда.