Жарандар маршруттук баракчаны жанында алып жүрүүсү шарт

Жарандар маршруттук баракчаны жанында алып жүрүүсү шарт.

Бишкекте бүгүнтөн тарта өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу,

күндүз көчөгө үч себеп менен гана чыгууга болот. Эртең мененки саат

7ден кечки 8ге чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага жана медициналык

мекемелерге барууга чыккандардын жанында каттам тууралуу маалымат

сөзсүз болушу зарыл. Маршруттук баракчада жарандын өздүгүн тастыктаган

маалымат жана бара турган жеринин дареги, үйдөн чыгып жана кайткан

убактысы так көрсөтүлүүгө тийиш. Ал эми кечки саат 8ден эртең

мененки 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.