Электр энергиясынын көрсөткүчүн WhatsApp мессенджери аркылуу жиберсе болот

Электр энергиясынын көрсөткүчүн WhatsApp мессенджери аркылуу жиберсе болот.

«Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, жагдай өлкө боюнча киргизилген

өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу. Ал үчүн райондогу инспектордун

телефон номерин ишкананын чалуу кызматынан тактап алуу керек.

Эсептегичтин көрсөтмөсү ар бир айдын 28инен баштап кабыл алынат.

Эгерде көрсөтмө алынбай калса, дүмүрчөк өткөн айдын орточо эсеби

менен чыгарылат. Керектөөчүлөр электр энергиясына болгон төлөмдөрдү

электрондук капчыктар же төлөм терминалдары аркылуу ишке ашырса болот.