Кыргызстандыктарга Россияга баруу сунушталбайт

Кыргызстандыктарга Россияга баруу сунушталбайт. Миграция мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, Россиянын өкмөтү коронавирустан улам, чет өлкөлүктөрдүн өз аймагына кирүүсүнө убактылуу тыюу киргизди.

 

Андыктан, кыргызстандыктар аталган өлкөгө 1-майга чейин барбай турушу керек. Ал эми учурда Россияда иштеп, жашап жүргөндөргө коопсуздук чараларын сактоо сунушталат.