Өзгөн районунда 300 гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыз кыла турган канал курулууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, анын жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт.
Ал Ана-Кызыл айылында пайда болот. Курулуш иштери ушул айдын аягында жыйынтыкталат деп пландалууда. Кийин мындай каналдар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.