Жаңы мыйзамда 15 күнгө чейин арзандатуу нормасы күчүндө

Айрым жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып

төмөндөтүлгөндөн кийин 15 күнгө чейин арзандатуу нормасы күчүндө.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын

басма сөз катчысы Тилек Оторов Novosti.kg ге билдирди. Анын айтымында,

айыптын төмөндөтүлүшү административдик жазанын көлөмүнө гана тиешелүү.

Эске салсак, жол белгилерине баш ийбөө жана токтоо эрежелерин бузуу.

Ошондой эле, коопсуз аралыкты сактабай коюу, унааларды жолдун боюна токтотуу,

каршы тилкеге чыкпай туруп кууп өтүү эрежелерин бузуу жана башкалар боюнча айып

3 миң сомдон 1 миңге төмөндөтүлдү. Аталган бузуулар боюнча билдирүү

келгенден 15 күн өткөн соң айдоочу 500 сом төлөп калат.