Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады.
Бул маалыматты Кара-Буура айыл өкмөт башчысы Арген Бекболотов тастыктайт.
Анын айтымында, райондун кире беришиндеги унаа бекетти оңдоо иштерине жергиликтүү демөөрчүлөрдөн,
Талас облусун өнүктүрүү фондунан жана айыл өкмөттүн бюджетинен жалпы 2 миллиондон ашык каражат топтолду.