Кочкор-Ата шаарындагы бала бакчанын курулуш иштери 90 пайызга аяктады.
Ал күздө пайдаланууга берилип калат, — дешти муниципалитеттен.
Маалыматка ылайык, жалпы чыгашасы 29 миллион сомду түзгөн мектепке чейинки
даярдоо мекемесин куруу иштери былтыр башталган. Каражат жергиликтүү
бюджеттен бөлүндү. Кошумчаласак, Кочкор-Ата шаарында муниципалдык
3 бала бакча бар. Мындан тышкары 5өө жеке менчик.