Ысык-Көл облусу туристтер үчүн жабылбайт

Ысык-Көл облусу туристтер үчүн жабылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эпидемиологиялык абал курчуп бараткандыктан, тургундар туристтерди аймакка киргизбей коюу сунушун көтөрдү.

 

Бирок штаб буга макул болгон жок. Буга жергиликтүү прокуратура дагы каршы чыкты. Бирок пансионат жана эс алуу үйлөрүндө санитардык эрежелер сакталбаса, алар жабылат.