“Унаа” мамлекеттик ишканасы эс алуу күндөрү дагы иштейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасы эс алуу күндөрү дагы иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Ишкананын  Бишкектеги бөлүмдөрү Чокан Валиханов көчөсү, 2 жана Лебединовка айылындагы Жеңиш проспектиси,   122 Б дарегинде жайгашкан.

 

Бул жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүгүн алууга кезектер жаралганына байланыштуу. Бөлүмдөргө айдоочу күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн арыз берип, документи даяр болгону боюнча СМС билдирүү алган жарандар дем алыш күндөрү барып ала алышат.