Аксыда окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды. Буга анын жетекчи катары зордук-зомбулукту алдын албаганы себеп болду, -дешти Билим берүү министрлигинен. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө тарбиялык иштерди күчөтүп, комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди.
Белгилеп кетсек, топ балдар бир окуучуну сабап жаткан видео Интернетке жайгаштырылган.
Окуя 6-февралда №5 Кабаев атындагы орто мектебинин аймагында болгон. 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Жабыркаган өспүрүм ооруканага жаткырылган.