Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды

Кыргызстандын 8 жараны Самара — Оренбург унаа жолунда кырсыкка кабылды.

Кырсык кечээ М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болду. Анда үч унаа кагышкан.

Полициянын маалыматы боюнча, биринчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып,

минивэн менен кагышкан. Окуянын кесепетинен экинчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен

жеңил унаадагы жети кыргызстандык жабыркады. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын

жандандыруу бөлүмүнө, бешөө хирургияга жайгаштырылды.

Учурда жол инспекторлору териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.