Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз

Жаңы окуу жылы кандай форматта өтөт, азырынча белгисиз. Билим берүү министри Каныбек Исаковдун айтымында, бардыгы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.

 

Чиновник белгилегендей, ведомство жана мугалимдер окууну кадимки форматта өткөрүү ниетинде. Бирок бардык учурларга даяр болуу керек. Билим берүү салттуу формада өткөн күндө дагы  бардык материалдар кошумча булактар катары колдонула берет, — деди Исаков.