Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда

Чүй облусунун Озерное айылында жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталган.

 

Долбоордун жалпы сметалык баасы 1,5 миллион доллар. Каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Иштер кийинки жумада жыйынтыкталат.