Баткен облусунун мектептеринин 98 пайызы интернет менен камсыздалган

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Баткен облусундагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду. Азыркы учурда Кадамжай районундагы 3 мектеп оптика-волокондук кабель аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, бул жумуштар аткарылса облустагы мектептер 100% интернет менен камсыздалган болот. Ал эми техникалык себептерге байланыштуу интернет байланышына туташтыруу мүмкүнчүлүгү жок, эң алыскы айылдардагы 2 мектеп бар. Алар Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро башталгыч мектеби, Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылындагы Н.Сүйүнов атындагы башталгыч мектеби.

 

Белгилей кетсек, билим берүү тармагын санариптештирүү алкагында билим сапатын жогорулатуу, ата-эне менен баланын, мектептин ортосунда байланышын чыңдоо максатында “Дисковери” билим берүү мекемеси, “Медас холдинг” аркылуу EduPage, E-kundoluk программаларын колдонушуп, электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен 166 мектеп иш алып барууда.

 

Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулган.

 

2020-жылда 22 мектепте электрондук китепкана орнотулган. Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган. Баткен облусунун аймагында жалпы 3 мектеп инновациялык мектептердин катарына кирип иш алып барууда. Облустун мектептеринде 2 миң 181 компьютер бар.