Бишкектин бир катар көчөлөрү мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазаланды

Бишкектин бир катар көчөлөрү мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазаланды.

Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган

объектилерди түрттүрүү иштерин улантууда. Бул жолу П.Лумумба жана Профсоюз

көчөлөрүнүн кесилишиндеги ташталган 40 тонналык контейнер алынды.

Элебесов көчөсүндөгү кафенин мыйзамсыз тургузулган дубалы түрттүрүлдү.

Ошондой эле Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрүндөгү

бал муздак, муздак суусундуктарды саткан түйүндөр, күркө жана

киосктор, жалпысынан 12 объекти алынып салынды