Жаңы жылдык эс алууларда электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыксыз калбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, бул бардык абоненттерге тиешелүү. Жеңилдиктер 8-январга чейин берилет. Ал эми электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү 9-январда башталат.