Жакында Бишкекте жүздү тааныган дагы 4 камера иштеп баштайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ордо калаанын Биринчи май районунда видеокөзөмөл орнотуу уланууда.
Камералар Эркиндик бульварынын 4 кесилиши, Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндө орун алат.
Техника күнү-түнү иштейт.
Буга чейин аталган райондо адам жүзүн тааныган аралыктан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулат.