Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Жалал-Абад шаарында 24 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришти.

 

Компаниядан белгилешкендей, “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан эле жарыктан өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошондой эле электр кубаттуулугу ашыра колдонулса, автоматтык түрдө өчүрүлөт.