Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 12 миллион метр кубга азайды

14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«14-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 258 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 249 метр куб, агып чыгышы 380 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.

Кечээ, 13-октябрда суу сактагычта 12 миллиард 270 миллион метр куб суу бар болчу.