Уилл Смитке «Оскар» сыйлыгына катышууга 10 жыл бою тыюу салынды

Америкалык актёр Уилл Смитке «Оскар» сыйлыгына катышууга 10 жыл бою тыюу салынды.

Буга чейин Америка кино академиясы актерду иш-чараларына катышуусун чектеген.

94-Оскар сыйлыгындагы жакшы көз ирмемдерди Смит мырзанын сахнада көрсөткөн туура эмес жүрүм-туруму бузду, — деп айтылат маалыматта.

27-марттан 28-мартка караган түнү актёр Уилл Смит “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде биринчи жолу «Эң мыкты эркектин ролу» наамын алды.

Бирок кеченин негизги окуяларынын бири артистке сыйлык тапшыруу эмес, салтанаттын алып баруучусу Крис Роктун муш жегени болду.

Актёр куудулдун жубайынын чачына байланыштуу тамашасына жооп кылып, Крис Рокту бетке муштаган.