Жети-Өгүздө бала бакчанын имараты муниципалитетке кайтарылды

Жети-Өгүздө бала бакчанын имараты муниципалитетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Тамга айыл өкмөтүнүн балансында турган №13 бала бакча 167,4 сотых жери менен кошо 2006-жылы чакан насыя ишканасынын менчигине берилген.

 

Ысык-Көл облусунда 120дан ашык менчик, муниципалдык жана мекемелик бала бакча бар. Бул жалпы суроо-талаптын 38 пайызын гана камсыз кылат. Былтыр эки бала бакча жаңыдан ишке кирди, дагы үчөөнүн курулушу жүрүп жатат.