БШК кайра шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунуштады. Комиссиядан түшүндүрүшкөндөй, бул жыл жаңырганга чейин жыйынтыктарды чыгарып жетишиш үчүн ыңгайлуу дата.
Андан тышкары Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгууну сунуштады.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айланып, Кыргызстанда бийлик алмашты. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.