Ошто ипотекалык программанын алкагында 12 кабаттуу турак-жай курулат

Ошто ипотекалык программанын алкагында 12 кабаттуу турак-жай курулат. Курулуш иштерине тендерди түштүк калаа мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы жарыялады.

 

Объект Тилеке-Баатыр көчөсүндө жайгашат. Имаратта ошондой эле соода аянттары жана кеңселер орун алып, жер алдындагы унаа токтотуу жайы курулат. Бул багытта 400 миллион сом багыттоо пландалууда.