Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт 21-майга чейин берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдиргендей, ведомство өкүлдөрү ар бир айылга барып, документтерди даярдайт.
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында окуучулар алдын-ала чакыртылып, кезек менен кабыл алынат.
Бул бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга жол берүү үчүн жасалууда. Бейшеналиев кошумчалагандай, быйыл жалпысынан 4,5 миңге жакын окуучуга паспорт берилет.