Алдын ала жыйынтык менен чет мамлекеттерде шайлоочулардын 11,67 пайызы гана добуш берди

Алдын ала жыйынтык менен чет мамлекеттерде шайлоочулардын 11,67 пайызы гана добуш берди. Мындай маалымат менен Тышкы иштер министрлиги бөлүштү. Андан такташкандай, 9 миң 826 адам шайлоого катышты, ал эми жалпысынан тизмеге 84 миң 128 адам киргизилген.

 

Эске салсак,  чет мамлекеттердеги 29 шаарда 59 тилке ачылган.

 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо кечээ өттү. Өлкөдө шайлоо системасы өзгөргөн, андыктан, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында 120 эмес,    90 депутат болот.