670 миңден ашык кыргызстандык насыялары боюнча төлөмдөрдөн 3 айга бошотулат. Каржы министрлигинен билдиришкендей, кеп 100 миң сомго чейинки суммада кредит алган жарандар тууралуу болуп жатат.
Пайыздарды жабуу үчүн 1 миллиард сомдон ашык талап кылынат. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Ведомстводон белгилешкендей, 100 миң сомго чейин насыя алган жарандардын басымдуусу туруктуу кирешеси жоктор.