Республика боюнча милиция кызматкерлери иштин күчөтүлгөн режимине өттү.
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 9 миңден ашык милиция
кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт, — дешти Ички иштер министрлигинин
басма сөз кызматынан. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн графикте бүгүнтөн тартып 1-сентябрга
чейин иш алып барат. Иш-чаралар өтүп жаткан учурда республикадагы бардык
милиция бөлүмдөрү жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөйт.