Жалал-Абадда эскертүүлөргө карабай, той-аш өткөрүп жүргөн ресторан ээлерине карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда эскертүүлөргө карабай, той-аш өткөрүп жүргөн ресторан ээлерине карата кылмыш иши козголду. Мэриядан билдиришкендей, рейддин алкагында 10 ресторан текшерилди.

 

Алардын экөөндө үйлөнүү той өтүп жаткан. Буга чейинки эскертүүлөрдү эске алуу менен ресторан ээлери жоопко тартылат. Белгилеп кетсек, Жалал-Абадда коронавирус жайылып жатканына байланыштуу, кечээтен тарта көзөмөл күчөтүлдү. Ресторан, интернет-клуб жана бильярд залдарына иштөөгө тыюу салынды.