Адистер Аламүдүн дарыясынын суусу эмне себептен жашыл түскө боелгонун аныкташты

Адистер Аламүдүн дарыясынын суусу эмне себептен жашыл түскө боелгонун аныкташты. Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, суу жана кыртышты анализге алып, анда мунай заттын чоң үлүшү бар экендиги аныкталды.

 

Химиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Мамлекеттик экотехиспекцияга жөнөтүлдү. Эске салсак, Аламүдун дарыясынын суусу ачык жашыл түскө боелгонун көрсөткөн сүрөттөр социалдык тармактарда 29-февралдан тарта жайгаштырыла баштаган.