Чек араларды кайтарууну күчөтүү буга чейин пландалган ички иш-чараларга байланыштуу

Чек араларды кайтарууну күчөтүү буга чейин пландалган ички иш-чараларга байланыштуу. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ведомствонун басма-сөз кызматы жашырындуулукка шилтеп, кененирээк маалыматты берүүдөн баш тартты.

 

Бирок ошол эле кезде Чек ара кызматынан ишендиришкендей, тынчысызданууга себеп жок, чек араларда абал тынч. Эске салсак, бүгүн чек араларды күчөтүлгөн тартипте сактоо буйругун өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров берди.