Бишкек мэриясына жер үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн карызы 380 миллион сомго жетти

Бишкекте муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн шаардык бюджетке карызы 380 миллион сомго жетти. Бул тууралуу шаар башкармалыгы кабарлады.

 

3-ноябрда мэрия ижара боюнча карызы бар ишкерлерге кайрылып, мыйзамдарды сактоого жана келишимдин шарттарын аткарууга чакырды. Айрымдары менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу токтотууга мажбур болорун эскертти.

 

Мэриянын маалыматына караганда, ижара акысын төлөбөй же шаарга таандык жерди башка максатта пайдаланып жаткан ишкерлердин саны 223тү түзүүдө.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу жазында борбор калаада ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө чектөө киргизилген. Майда жана орто бизнестин өкүлдөрү чыгашага учураганын, андыктан салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатышканын билдирүүдө.