Жалал-Абадда жасалма өткөрмө кагаз жасаган адам кармалды

Жалал-Абадда жасалма өткөрмө кагаз жасаган адам кармалды.

Бул тууралуу аймактын коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, жаран өткөрмө документти өзү жасап, санитардык

түйүндөн унаа менен өтүүгө аракет кылганда колго түштү. Аталган факты

боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми коменданттык саат

киргизилген аймакта 1 миңден ашык пропуск берилди. Алар медицина

кызматкерлерине, укук коргоо жана атайын кызматтын өкүлдөрүнө,

азык-түлүк ташыгандарга жеткиликтүү болду.