Билим берүү министрлиги дистанттык окуу формасынан 50 миллион сомдой үнөмдөшү ыктымал

Билим берүү министрлиги дистанттык окуу формасынан 50 миллион сомдой үнөмдөшү ыктымал.

Ведомстводон novosti.kgге билдиришкендей, кеп, биринчиден төртүнчү класска чейинки

балдардын ысык тамагына бөлүнгөн каражат тууралуу болуп жатат. Эми апрель айына

карата окуучулардын тамак-ашына бөлүнө турган сумма, райондук эсептөө секторуна

которулбайт. Учурда Каржы министрлиги өзгөчө абалдагы бюджеттин планын ишке

ашырууда. Бул үнөмдөө өлкөнүн кризистик кырдаалын жабууга шарт түзөт.

Ал эми кийинки айдагы кырдаал окуучулардын мектепке кайтаарынан көз каранды.