Ордо калаадагы Ботаникалык бактын аймагында өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо бакчанын жалпы
3 миң чарчы метр аянтына жайылды. Учурда тилсиз жоонунун себеби такталууда.
Белгилеп кетсек, 1938-жылы түзүлгөн Ботаникалык бак өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Ушул тапта бакчанын
аянты 124 гектарды түзөт. Анын 36 гектар жеринде жарандарга сейилдөөгө уруксат берилген.